Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео


Скачать с ютуб БАЯГЫ КАЧКАН КЫЗМАТКЕР КАЙТЫП КЕЛДИ / "ЭШЕК ЖАЙЛОО" 2-ЧЫГАРЫЛЫШ / ЫДЫРЫС ИСАКОВ / САРЫБАШОВ ЖАҢЫБАЙ в хорошем качестве

БАЯГЫ КАЧКАН КЫЗМАТКЕР КАЙТЫП КЕЛДИ / "ЭШЕК ЖАЙЛОО" 2-ЧЫГАРЫЛЫШ / ЫДЫРЫС ИСАКОВ / САРЫБАШОВ ЖАҢЫБАЙ 1 год назад


Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru



БАЯГЫ КАЧКАН КЫЗМАТКЕР КАЙТЫП КЕЛДИ / "ЭШЕК ЖАЙЛОО" 2-ЧЫГАРЫЛЫШ / ЫДЫРЫС ИСАКОВ / САРЫБАШОВ ЖАҢЫБАЙ

Бизге Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Айкөкүл Акматова аттуу тургуну даттанып келди. 2009-жылы турак жай куругуу үчүн өзү катталган айыл өкмөттүн Ташлак участкасынан жер тилкесин берүү тууралуу токтом чыкканын, бирок ал токтом али күнгө чейин аткарылбаганын билдирди. Ошол эле маалда айыл өкмөтү ошол 2009-жылы көрсөткөн жер участкасы азыр да бош турганын, бирок башка белгисиз себептер менен сөз болуп жаткан жерди ээлеп алганын айтты. Текшере келгенде Акматова айткан жер КАДАСТР ишканасында Сарыбашов Жаңыбай Болтоковичке катталган болуп чыкты. Бирок Шарк айыл өкмөтү Сарыбашов Жаңыбай Болтоковичке жер участкасын эч качан бербегенин билдиришти. А КАДАСТРдын архивинде сакталып турган токтом токтом чыккан учурда иштебеген айыл өкмөт башчынын атынан чыкканы белгилүү болду. Акматова Сарыбашовдун ал токтомундагы айыл өкмөттүн мөөрүн экспертиза жасалма деп тапканын ырастаган корутундуну көрсөттү. Шарк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Сарыбашовдун атына жазылган токтомго адашып кол койгонун ачык айтты. Ошол эле учурда Кара-Суу райондук архитектурасында Акматова көрсөткөн жер Сасыкулова Датка аттуу жаранга катталып турат. Бирок ошол эле Кара-Суу райондук архитектурасынын архивинде Сасыкуловага таандык документтердин түп нускасы жок болуп чыкты. Ошентип, бир эле жер тилке Кара-Суу райондук КАДАСТРында Сарыбашовго, Кара-Суу райондук архитектурасында Сасыкуловага катталуу болуп чыкты. А Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтү 2009-жылы Акматовага чыгарган токтомун 14 жылдан бери аткара албай отурат. Иш Ош облустук милициясында тергелип жатат. А Сарыбашов бардык документтери мыйзамдуу экенин, ага таандык документтердин түп нускасынын жоктугун, мөөрлөрдүн колдордун жасалма экенин тастыктаган корутундусуна ишенбей турганын айтып отурат. Бирок Сарыбашов өзүнө катталган документтердин төркүнү тууралуу сурап барган журналисттерден качып кеткен. #ЫдырысИсаков, #Жаңылыктар, #БизЭлменен

Comments