Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео




Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru



Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда болот

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери таркатылат. Президенттин жарлыгы менен жаңы шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалды. Ошондой эле документте Баткен облусунун район, шаарларында шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлүшү керектиги белгиленген. Садыр Жапаров 29-июлда кол койгон "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо болору айтылган. Жаңыдан аныкталган мандаттар боюнча Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөрү кабарланган. Эгер административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп жашоочусу бар аймактарда 31 депутат шайланат. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook -   / utrkkg   Youtube (УТРК) -    / @utrkkgchannel   Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?... Телеграм - https://t.me/ktrk_live

Comments