Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео


Скачать с ютуб Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо в хорошем качестве

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо 2 года назад


Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru



Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Арал-Казарман жол тилкесиндеги жалпы узундугу 1,5 чакырымдан ашык эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Кыргызстанда салынып жаткан алгачкы эки эстакадалык көпүрө Нарын дарыясына курулган. 2014-жылы башталган куруу иштери ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт. Анын биринин узундугу – 1076, экинчиси - 396 метр, туурасы 14 метрди түзөт. Көпүрөгө 2 катмардан турган асфальт-бетон төшөлгөн. Эң негизги бөлүгү болгон көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн бийиктиги 40 метр, жердин ичине 12-46 метрге чейин киргизилип бекитилген. Көпүрөнүн эки четине 75 сантиметрлик жөө адам өтө турган турган тротуар салынууда. Альтернативдик жол тоолуу аймакта, татаал шартта курулууда. Мурда адам буту баспаган ээн жерлерде заманбап унаа жолунун курулушу жүрүп жатат. Аталган жол Балыкчы-Кочкор-Арал-Казарман-Жалал-Абадды бириктирип, жалпысынан 433 чакырымды түзөт. Жети жылдан бери салынып жаткан жол куруу иштери 2024-жылы толук аягына чыгарылмакчы. Куруу иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилсе, кыргызстандыктар жана чет жерден келген туристтер үчүн да республикабыздын Түндүк-Түштүк аймактарынын ортосундагы жолдун жүздөгөн чакырымдарга кыскарышына алып келет. Ошондой эле ким болбосун бул жол менен жүргөн жүргүнчүлөр үчүн жергебиздин кооздугу кайдыгер калтырбайт. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна жалпы 850 млн доллар каралып куруу иштери “Чайна Роуд” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Comments